Ташрик күндөрүндө ар бир парз намазынан кийин дароо бир жолу такбир ташрик айтуу — важиб. Бирок бизди төмөнкү маселе ойго салып жатат: кээ бир аалымдар такбир ташрикти үч жолу айтуу — сүннөт деп жатышат, ал эми кээ бир аалымдар такбир ташрикти бир гана жолу айтуу керек, ошонусу важиб, үч жолу айтуу сүннөт эмес дешүүдө. Түшүндүрүп бериңиздерчи:
1) Ташрик күндөрүндө такбир ташрикти үч жолу айтуу сүннөтпү же жокпу?
2) Ташрик күндөрүндө такбир ташрикти сүннөт деп ишенип, үч жолу айтуу сооп болобу же бидъатпы?
Такбир ташрикти бир жолу айтуу — важиб. Бир жолудан ашыкча айтуу милдеттүү (лаазим) дагы эмес, сүннөт (маснун) дагы эмес. Албетте, эгер кимдир бирөө муну сүннөт деп эсептебестен, жөн гана кошумча зикир катары бир жолудан ашыкча айтса, мунун эч кандай зыяны (айыбы) жок. Бирок, үч жолу айтууну "сүннөт" деп айтууга болбойт.
«Фатва Дарул-Улуум Деобанд» китебинде мындай деп айтылат:
«Такбир ташрикти бир жолу айтуу — важиб, андан ашыкчасы важиб эмес. "Дуррул-Мухтар" китебинде Имам Айнийден төмөнкүдөй пикир накыл кылынган (келтирилген): ашыкча айтууда пазилет жана сооп бар, эч кандай зыяны жок. Бирок, "Раддул-Мухтар" (Ибн Абидин/Шами) китебинде Абу Суъуддан мындай накыл кылынган: бир жолудан ашыкча айтуу сүннөткө каршы (хилафу суннат) болуп саналат. Андыктан, бир эле жолу айтуу менен чектелүү — эң жакшысы (абзели)».
«Фатва-и Рахимия» китебинде мындай деп айтылат:
«Такбирди бир жолу айтуу — важиб. Үч жолу айтуу сүннөт (маснун) эмес. Үч жолу айтуу тууралуу айтылган пикир — туура (сахих) жана фатва берилген (муфта бихи) пикир болуп эсептелбейт. فقط واللہ اعلم
Ата-эне же бардык өтүп кеткендер (маркумдар) дын атынан курбандык кылу
Кыргызча 2 Rules for the SecrificeЧет өлкөдө жашаган адам Курмандыгын Кыргызстанда чалдырса, чач жана ты
Кыргызча 0 Rules for the Secrifice