Курмандыктын этинен туугандарга кандайча үлүш чыгаруу керек жана кайсы туугандарга берүү туура болот?
Курмандыктын этин үч бөлүккө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө калтыруу, бир бөлүгүн туугандарына таратуу жана бир бөлүгүн кедей-кембагалдарга берүү мустахаб (жакшы, сооптуу иш) болуп саналат, бирок милдеттүү (важиб) эмес. Ошондуктан, эгер курмандык чалган адам эттин баарын өзүнүн муктаждыгы үчүн алып калса же баарын садака кылып жиберсе да туура боло берет.
Туугандар курмандык чалдыбы же чалган жокпу, байбы же кедейби, жакынбы же алыспы — айырмасы жок, мүмкүнчүлүккө жана шартка карай баарына эт берүүгө аракет кылуу керек. Шарт уруксат бербей, баарына бирдей эт берүү мүмкүн болбой калган учурда, туугандардын ичинен кедейирээгине, жакыныраагына жана өзү курмандык чала албай калгандарына биринчи кезекте (артыкчылык берип) берүү зарыл. Ошондой эле, туугандар тараптан "эт бербей калдың" деп доомат кылуу же эт талап кылуу туура эмес.
و فی الفتاوی الھندیہ: "ويستحب أن يأكل من أضحيته ويطعم منها غيره، والأفضل أن يتصدق بالثلث ويتخذ الثلث ضيافة لأقاربه وأصدقائه، ويدخر الثلث، ويطعم الغني والفقير جميعا، كذا في البدائع. ويهب منها ما شاء للغني والفقير والمسلم والذمي، كذا في الغياثية. ولو تصدق بالكل جاز، ولو حبس الكل لنفسه جاز، وله أن يدخر الكل لنفسه فوق ثلاثة أيام إلا أن إطعامها والتصدق بها أفضل إلا أن يكون الرجل ذا عيال وغير موسع الحال فإن الأفضل له حينئذ أن يدعه لعياله ويوسع عليهم به، كذا في البدائع."
(كتاب الأضحية، الباب الخامس في بيان محل إقامة الواجب، ج:5، ص:300، ط: دار الفكر)-
Ата-эне же бардык өтүп кеткендер (маркумдар) дын атынан курбандык кылу
Кыргызча 2 Rules for the SecrificeЧет өлкөдө жашаган адам Курмандыгын Кыргызстанда чалдырса, чач жана ты
Кыргызча 0 Rules for the Secrifice