Курбандык кылууда бир үлүш ата-эне үчүн жетиштүү болобу же өз-өзүнчө эки үлүш берүү керекпи, же болбосо бардык өтүп кеткен маркумдар үчүн бир гана үлүш жетиштүү болобу?
Сөз болуп жаткан маселеде, суроо берүүчү өзүнүн важиб болгон курмандыгын чалгандан кийин, эгер мүмкүнчүлүгү (каражаты) болсо, ата-энесинин ар бири үчүн өз-өзүнчө үлүш берүүсү көбүрөөк соопко жана абройго себеп болот. Ал эми мүмкүнчүлүгү жетпесе, бардыгынын атынан сооп багыштоо (ийсали саваб) үчүн бир гана үлүш берүү да жетиштүү болот.
Маркумдардын атынан курмандык чалуунун эки жолу бар:
1) Үлүштү түз эле алардын атына сатып алып, алардын ниети менен союу.
2) Үлүштү нафил (ыктыярдуу) курмандык ниетинде сатып алып, сойгондон кийин сообун аларга багыштоо.
Бул эки абалда тең курмандыктын сообу өлүккө (маркумга) жетет жана бул курмандыктын этинен баарынын жешине уруксат берилет.
Бирок, эгер маркум көзү тирүүсүндө өзүнүн атынан курмандык чалууну керээз кылып кеткен болсо жана ал курмандык маркумдун калтырган мал-мүлкүнөн (акчасынан) чалынып жаткан болсо, анда бул курмандыктын этин (толугу менен кедей-кембагалдарга) садака кылуу керек болот.
و فی رد المحتار: "من ضحى عن الميت يصنع كما يصنع في أضحية نفسه من التصدق والأكل والأجر للميت والملك للذابح. قال الصدر: والمختار أنه إن بأمر الميت لايأكل منها وإلا يأكل، بزازية، وسيذكره في النظم."
(کتاب الأضحیة ج :6، ص :326،ط: سعید)-
و فی فتاوی قاضی خان:"ولو ضحی عن میت من مال نفسه بغیر أمر المیت جاز، وله أن یتناول منه ولایلزمه أن یتصدق به؛ لأنها لم تصر ملکًا للمیت؛ بل الذبح حصل علی ملکه، ولهذا لو کان علی الذابح أضحیة سقطت عنه."
(فتاویٰ قاضي خان علی هامش الفتاویٰ الهندیة، ج:3، ص:352، ط: رشیدیۃ)-
Ата-эне же бардык өтүп кеткендер (маркумдар) дын атынан курбандык кылу
Кыргызча 2 Rules for the SecrificeЧет өлкөдө жашаган адам Курмандыгын Кыргызстанда чалдырса, чач жана ты
Кыргызча 0 Rules for the Secrifice