Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
484
| Date :
2026-05-23
العبادة / الاضحیة والذبیحة / مسائل الأضحیة

Такбир ташриктин күндөрү жана анын мушундай аталышынын себеби

Такбир ташриктерди эмне үчүн дал ушундай "Такбир ташрик" деп аташат? Негизи, "Аййамул-Ташрик" (ташрик күндөрү) Зуль-Хижжа айынын 10унан кийин башталат го? Ушул маселени түшүндүрүп берсеңиздер?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Бул такбирлер, тагыраагы: "Аллаху акбар, Аллаху акбар. Лаа илааха иллаллооху валлооху акбар. Аллаху акбар ва лиллаахил хамд" зикири Зуль-Хижжа айынын 9 у (Арафа күнү) багымдат намазынан баштап, ташрик күндөрүнүн эң акыркы күнү, тагыраагы 13-Зуль-Хижжанын шам убактысына чейин айтылат. Бул аралыктагы күндөрдүн ичинен 9-Зуль-Хижжадан башка бардык калган күндөр "ташрик күндөрү" болуп саналат. Ошол себептен, басымдуулук кылуу (көптүгүгн эске алуу) эрежесине ылайык, бул такбирлер "Такбир ташрик" деп аталып калган. Бул такбирлердин өкүмүнө ташрик күндөрүнөн бир күн мурунку күн (9-Зуль-Хижжа) кошо кирсе дагы, аталышы жалпы берилген. Мына ушул өкүм (б.а. 9-Зуль-Хижжанын багымдатынан баштоо) Ханафи мазхабында фатва берилген (муфта бихи) негизги пикир болуп саналат.
Мындан сырткары, фикх аалымдары бул күндөрдү эмне үчүн "Ташрик" деп атоо тууралуу бир нече түшүндүрмөлөрдү жазышкан. Алардын ичинен эң атактуусу — бул сөз "Ташрикул-Лахм" (этти кургатуу) деген сөздөн алынган. Илгери бул күндөрү (муздаткычтар жок кезде) курмандыкка чалынган жаныбарлардын эти бузулуп кетпеши үчүн күн көзүнө жайып, кургатышчу. Же болбосо бул сөз "Шурукуш-Шамс" (күндүн чыгышы) деген сөздөн келип чыккан, башкача айтканда, Айт намазын окуу үчүн күндүн көтөрүлүшүн күтүү дегенди түшүндүрөт.
Бирок, унутпоо керек, бул такбирлердин убактысын аныктоодо негизги таяныч — бул жөн гана "ташрик күндөрү" деген сөз эмес, тескерисинче, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан ачык-айкын келген хадистер болуп саналат. Ал хадистерде Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Арафа күнүнүн багымдатынан баштап, ташрик күндөрүнүн акыркы күнүнүн аср намазына чейин бул такбирлерди айткандыгы бекемделген. Ошондуктан, бул риваяттардын натыйжасында Ханафи мазхабынын фатва берилген пикири боюнча: бул такбирлердин убактысы Арафа күнүнүн багымдат намазынан башталып, ташрик күндөрүнүн акыркы күнүнүн (13-Зуль-Хижжанын) аср намазына чейин созулат.
Төмөндө бул такбирлердин Арафа күнүнөн башталарын далилдеген хадистер келтирилет:

مأخَذُ الفَتوی

و فی سنن الدارقطنی: "عن جابر عن أبي الطفيل عن علي وعمار أن النبي صلى الله عليه وسلم كان يجهر في المكتوبات بـ {بسم الله الرحمن الرحيم}، وكان يقنت في الفجر، وكان يكبر يوم عرفة صلاة الغداة ويقطعها صلاة العصر آخر أيام التشريق".(2/389)-
و فی السنن الکبری للبیہقی: "عن عبد الرحمن بن سابط عن جابر : قال كان النبى صلى الله عليه وسلم يكبر يوم عرفة صلاة الغداة إلى صلاة العصر آخر أيام التشريق."(3/315)
وفیہ ایضاً :
"عن أبى إسحاق قال : اجتمع عمر وعلي وابن مسعود رضي الله عنهم على التكبير في دبر صلاة الغداة من يوم عرفة. فأما أصحاب ابن مسعود فإلى صلاة العصر من يوم النحر، وأما عمر وعلي رضى الله عنهما فإلى صلاة العصر من آخر أيام التشريق." (3/314)-
و فی المستدرک علی الصحیحین للحاکم: "عن أبي الطفيل عن علي و عمار : أن النبي صلى الله عليه و سلم كان يجهر في المكتوبات ببسم الله الرحمن الرحيم، و كان يقنت في صلاة الفجر، و كان يكبر من يوم عرفة صلاة الغداة و يقطعها صلاة العصر آخر أيام التشريق".(1/439)-
و فی شرح السنۃ: "وذهب أكثر أهل العلم إلى أنه يبتدئ التكبير عقيب صلاة الصبح من يوم عرفة ، ويختم بعد العصر من آخر أيام التشريق، وهو قول عمر وعلي، وبه قال مكحول، لما روي عن جابر بن عبد الله أن رسول الله صلى الله عليه وسلم كان يصلي صلاة الغداة يوم عرفة، ثم يستند إلى القبلة، فيقول : الله أكبر ، الله أكبر ، الله أكبر ، لا إله إلا الله ، والله أكبر ، الله أكبر ولله الحمد ، ثم يكبر دبر كل صلاة إلى صلاة العصر من آخر أيام التشريق."(7/146)-
و فی فتح الباری لابن رجب: "فأما علي، فكان يكبر من صبح يوم عرفة إلى العصر من آخر أيام التشريق ." (6/126)-
و فی فتح الباری: "والفقه أن أيام التشريق ما بعد يوم النحر على اختلافهم هل هي ثلاثة أو يومان لكن ما ذكروه من سبب تسميتها بذلك يقتضى دخول يوم العيد فيها وقد حكى أبو عبيد أن فيه قولين أحدهما لأنهم كانوا يشرقون فيها لحوم الأضاحي أي يقددونها ويبرزونها للشمس ثانيهما لأنها كلها أيام تشريق لصلاة يوم النحر فصارت تبعا ليوم النحر قال وهذا أعجب القولين إلى وأظنه أراد ما حكاه غيره أن أيام التشريق سميت بذلك لأن صلاة العيد إنما تصلى بعد أن تشرق الشمس وعن بن الأعرابي قال سميت بذلك لأن الهدايا والضحايا لاتنحر حتى تشرق الشمس وعن يعقوب بن السكيت قال هو من قول الجاهلية أشرق ثبير كيما نغير أي ندفع لننحر انتهى وأظنهم أخرجوا يوم العيد منها لشهرته بلقب يخصه وهو يوم العيد وإلا فهي في الحقيقة تبع له في التسمية كما تبين من كلامهم ومن ذلك حديث على لا جمعة ولا تشريق إلا في مصر جامع أخرجه أبو عبيد بإسناد صحيح إليه موقوفا".(2/457)-
و فی عمدۃ القاری: "الثاني في وقت التكبير: فعند أصحابنا يبدأ بعد صلاة الفجر يوم عرفة ويختم عقيب العصر يوم النحر عند أبي حنيفة وهو قول عبد الله بن مسعود رضي الله تعالى عنه وعلقمة والأسود والنخعي وعند أبي يوسف ومحمد يختم عقيب صلاة العصر من آخر أيام التشريق وهو قول عمر بن الخطاب وعلي بن أبي طالب وعبد الله بن عباس وبه قال سفيان الثوري وسفيان بن عيينة وأبو ثور وأحمد والشافعي في قول وفي (التحرير) ذكر عثمان معهم وفي (المفيد) وأبا بكر، وعليه الفتوى".(10/308)-



واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 484 Verify Now
| | |
0    54
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
  • Мүйүзү алынган малды курмандыкка чалуунун өкүмү

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Кой канча жаштан баштап курмандыкка жарамдуу болуп эсептелет?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кедей кишинин курмандык күндөрүндө тоок союшу

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Ата-эне же бардык өтүп кеткендер (маркумдар) дын атынан курбандык кылу

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуучу адам үчүн чач жана тырмак албоонун өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курбандык чалуу кимдерге ваажиб?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кайсы туугандарга курмандыктын этин берүү туура болот?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуунун ордуна кембагал тууганга жардам берүү

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Чет өлкөдө жашаган адам Курмандыгын Кыргызстанда чалдырса, чач жана ты

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Мал союунун (мууздоонун) дубасы

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташриктин күндөрү жана анын мушундай аталышынын себеби

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Аялдар үчүн такбир ташриктин өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташрикти канча жолу айтуу сүннөт?

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة