Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
480
| Date :
2026-05-19
العبادة / الاضحیة والذبیحة / مسائل الأضحیة

Мал союунун (мууздоонун) дубасы

Уй союп жатканда окула турган дуба кайсы?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Курмандыкка чалынуучу мал — уй болобу же башка мал болобу — кыбыланы каратып жаткырылган соң, адегенде төмөнкү аятты окуу абзел (жакшыраак):
"إِنِّي وَجَّهْتُ وَجْهِيَ لِلَّذِي فَطَرَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ حَنِيفًا ۖ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ، إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ"
Окулушу: «Иннии важжахту важхия лиллазии фатарас-самааваати вал-арда ханиифав-ва маа ана минал-мушрикиин. Инна солаатии ва нусукии ва махяая ва мамаатии лиллаахи роббил-ааламиин»
Ал эми малды мууздардан мурун, эгер жат билсе, төмөнкү дубаны окусун: "اللّٰهُم َّمِنْكَ وَ لَكَ"
Окулушу: «Аллоохумма минка ва лака» — (Оо Аллах, бул Сенден келди жана Сен үчүн).
Андан соң, ’’بسم اللّٰه اللّٰه أكبر‘‘ (Бисмиллаахи Аллооху Акбар) деп айтып малды мууздайт. Мал мууздалып бүткөндөн кийин, эгер жат билсе, төмөнкү дубаны окуу керек:
"اَللّٰهُمَّ تَقَبَّلْهُ مِنِّيْ كَمَا تَقَبَّلْتَ مِنْ حَبِيْبِكَ مُحَمَّدٍ وَ خَلِيْلِكَ إبْرَاهِيْمَ عليهما السلام".
окулушу: «Аллоохумма такоббалху миннии камаа такоббалта мин хабиибика Мухаммадив-ва холиилика Иброохиима алейхимас-салаам» — Оо Аллах, муну менден кабыл кыл, Сүйүктүүң Мухаммаддан жана Досуң Ибрахимден (алейхимас-салаам) кабыл кылгандай).
Эгерде курмандыкты башка бирөөнүн атынан союп жаткан болсо, анда дубадагы "مِنِّيْ" (миннии — менден) деген сөздүн ордуна "مِنْ" (мин — ...дан/ден) деп айтып, артынан ошол адамдын атын аташ керек.
Эскертүү: Ким арапча билбесе, ушул дуалардын маани-маңызын айтса да болот.

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 480 Verify Now
| | |
1    77
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
  • Мүйүзү алынган малды курмандыкка чалуунун өкүмү

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Кой канча жаштан баштап курмандыкка жарамдуу болуп эсептелет?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кедей кишинин курмандык күндөрүндө тоок союшу

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Ата-эне же бардык өтүп кеткендер (маркумдар) дын атынан курбандык кылу

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуучу адам үчүн чач жана тырмак албоонун өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курбандык чалуу кимдерге ваажиб?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кайсы туугандарга курмандыктын этин берүү туура болот?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуунун ордуна кембагал тууганга жардам берүү

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Чет өлкөдө жашаган адам Курмандыгын Кыргызстанда чалдырса, чач жана ты

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Мал союунун (мууздоонун) дубасы

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташриктин күндөрү жана анын мушундай аталышынын себеби

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Аялдар үчүн такбир ташриктин өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташрикти канча жолу айтуу сүннөт?

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة