Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
478
| Date :
2026-05-19
العبادة / الاضحیة والذبیحة / مسائل الأضحیة

Курмандык чалуунун ордуна кембагал тууганга жардам берүү

Менин бир тууганымдын (үй-бүлөлүү кишинин) материалдык абалы ушунчалык начар, атүгүл тамак-ашка да акчасы жок. Бирок, анын бул абалын өзүнөн башка ага абдан жакын болгон саналуу гана адамдар билет, алардын ичинен мен да кабардармын. Мен ушул жылга деп курмандыкка камдап койгон акчам менен ага жардам берсем болобу? Эгер мен ага жардам бере турган болсом, өзүм курмандык чала албай калам. Бирок, аны мындай оор абалда көрүүгө да чыдай албай жатам.

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Албетте, кимге курмандык чалуу важиб (милдеттүү) болсо, анын курмандык чалууну таштап, курмандыктын акчасын бир кембагалга берип жиберүүсү шарият боюнча туура эмес. Мындай кылуу менен курмандык милдети аткарылган болуп эсептелбейт. Ал адамга садака кылгандыгы үчүн сооп жазылганы менен, мойнундагы важиб болгон курмандыктан баш тартканы үчүн күнөөкөр болот.
Курмандык чалуу — өзүнчө бир өз алдынча важиб ибадат, ал эми кедейге жардам берүү — нафил (өз ыктыяры менен жасалуучу) башка бир ибадат болуп саналат. Нафил ибадатты шылтоо кылып, башка бир важиб ибадатты таштап коюу акылга сыйбайт. Мусулман адам бул эки соопту тең алууга аракет кылышы керек, бирок экөөнү тең аткарууга мүмкүнчүлүк болбосо, анда важиб (милдеттүү) ибадатка артыкчылык берилет.
Ошондуктан, эгер суроо берүүчүгө курмандык чалуу важиб болсо, анда ал өзүнүн курмандыгын чалсын. Ал эми тигил муктаж тууганына өзүнүн башка каражаттарынан же башка кайрымдуу инсандарды ортого кошуу менен жардам берүүгө аракет кылсын. Бирок, эгер суроо берүүчүгө курмандык чалуу важиб эмес болсо (б.а. өзү бай болбосо) жана ал тигил тууганына курмандык үчүн чогулткан акчасын берүүнү кааласа, анда буга шариятта уруксат бар.
Ыйык хадисте Пайгамбарыбыздын (саллаллооху алейхи уа саллам) мындай дегени накыл кылынган: «Курман айт күндөрү Аллах Тааланын алдында кан чыгаруудан (курмандык чалуудан) дагы сүйүктүүрөөк бир дагы амал жок». Башка бир хадисте: «Кимдин курмандык чалууга мүмкүнчүлүгү болуп туруп чалбаса, ал биздин айт намаз окуй турган жерибизге жакындабай эле койсун» — деп айтылган. Бул эки хадис тең курмандык чалуунун канчалык маанилүү экенин ачык-айкын көрсөтүп турат.

مأخَذُ الفَتوی

وفي الفتاوى الهندية: "ومنها أنه لا يقوم غيرها مقامها في الوقت، حتى لو تصدق بعين الشاة أو قيمتها في الوقت لا يجزئه عن الأضحية." (كتاب الأضحية,الباب الأول في تفسير الأضحية وركنها وصفتها وشرائطها وحكمها,5/ 293ط:دار الفكر)-
وفي الدر المختار وحاشية ابن عابدين:"(فتجب) التضحية...(على حر مسلم مقيم) بمصر أو قرية أو بادية عيني، فلا تجب على حاج مسافر؛ فأما أهل مكة فتلزمهم وإن حجوا، وقيل لا تلزم المحرم سراج (موسر) يسار الفطرة (عن نفسه لا عن طفله) على الظاهر، بخلاف الفطرة (شاة) بالرفع بدل من ضمير تجب أو فاعله (أو سبع بدنة) هي الإبل والبقر... (فجر) نصب على الظرفية (يوم النحر إلى آخر أيامه) وهي ثلاثة أفضلها أولها."
(كتاب الأضحية,رد المحتار6/ 313ط:سعيد)-

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 478 Verify Now
| | |
1    46
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
  • Мүйүзү алынган малды курмандыкка чалуунун өкүмү

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Кой канча жаштан баштап курмандыкка жарамдуу болуп эсептелет?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кедей кишинин курмандык күндөрүндө тоок союшу

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Ата-эне же бардык өтүп кеткендер (маркумдар) дын атынан курбандык кылу

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуучу адам үчүн чач жана тырмак албоонун өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курбандык чалуу кимдерге ваажиб?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кайсы туугандарга курмандыктын этин берүү туура болот?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуунун ордуна кембагал тууганга жардам берүү

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Чет өлкөдө жашаган адам Курмандыгын Кыргызстанда чалдырса, чач жана ты

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Мал союунун (мууздоонун) дубасы

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташриктин күндөрү жана анын мушундай аталышынын себеби

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Аялдар үчүн такбир ташриктин өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташрикти канча жолу айтуу сүннөт?

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة