Сапарда парз намаздар каср кылып окулары белгилүү. Ал эми сүннөт намаздардын өкүмү кандай?
Белгилүү болгондой, адам сапарда болобу же жашаган жеринде (муким) болобу, бардык учурда сүннөт намаздардын өкүмү өзгөрбөйт. Башкача айтканда, алар парз же важиб намаздар сыяктуу милдеттүү эмес, сүннөт бойдон кала берет.
Ал эми сапарда каср кылуу өкүмү төрт рекеттүү парз намаздарга гана тиешелүү. Башка намаздарда каср кылынбайт. Демек, сапарда сүннөт жана нафил намаздар окулса, алар толук окулат.
Бирок сапарда сүннөт намаздарды окуу боюнча төмөнкүдөй кеңири түшүндүрмө бар:
Эгер сапар уланып жаткан болсо жана шашылыш жагдай жаралса, же унаа кетип калуу коркунучу болсо, же жолдоштор күтүп кыйналып жатышса, же кандайдыр бир кооптонуу болсо, анда парз намаздарды гана окуу жетиштүү. Мындай учурда багымдат намазынын сүннөтүнөн башка бардык сүннөттөрдү калтырууга уруксат берилет. Ал эми багымдат намазынын сүннөтү өтө бекем сүннөт болгондуктан, ал таңдын парзы менен кошо окулат.
Эгер сапар уланып жаткан болсо, бирок намаз окуу үчүн атайын токтолушса, шашылыш болбосо жана коопсуздук болсо, анда сүннөт намаздарды окуу жакшыраак жана сооптуураак (абзел) болот. Ошентсе да, бул учурда да сүннөттөрдү окуу важиб эмес, болгону аабзел болуп саналат.
Ошондой эле, эгер мусапыр бир шаарда же айылда он беш күндөн аз мөөнөткө токтосо да, туурараак (ражих) пикир боюнча сүннөт намаздарды окуганы жакшы. Анткени Пайгамбардан ﷺ сапарда да сүннөт намаздарды окуганы риваят кылынган.
البحر الرائق (2/ 141):
" وقيد بالفرض؛ لأنه لا قصر في الوتر والسنن واختلفوا في ترك السنن في السفر، فقيل: الأفضل هو الترك ترخيصاً، وقيل: الفعل تقرباً، وقال الهندواني: الفعل حال النزول والترك حال السير، وقيل: يصلي سنة الفجر خاصةً، وقيل: سنة المغرب أيضاً، وفي التجنيس: والمختار أنه إن كان حال أمن وقرار يأتي بها؛ لأنها شرعت مكملات والمسافر إليه محتاج، وإن كان حال خوف لايأتي بها؛ لأنه ترك بعذر اهـ
الفتاوى الهندية - (4 / 229):
"وَلَا قَصْرَ فِي السُّنَنِ ، كَذَا فِي مُحِيطِ السَّرَخْسِيِّ ، وَبَعْضُهُمْ جَوَّزُوا لِلْمُسَافِرِ تَرْكَ السُّنَنِ وَالْمُخْتَارُ أَنَّهُ لَا يَأْتِي بِهَا فِي حَالِ الْخَوْفِ وَيَأْتِي بِهَا فِي حَالِ الْقَرَارِ وَالْأَمْنِ ، هَكَذَا فِي الْوَجِيزِ لِلْكَرْدَرِيِّ"