Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
500
| Date :
2026-06-22
العبادة / الصلوة / صلوة القصر

Күн сайын жүз километр аралыкты басып өткөн учурдагы намаздын өкүмү

Ассаламу алайкум, устаз! Мен Түштүк Корея мамлекетинде узак жылдардан бери эмгектенип келем. Күн сайын эртең менен ылдам поездге отуруп, жүз километрден ашык аралыктагы иш ордума барып келебиз. Ушундай шартта мен намаздарымды каср кылып окушум керекпи же толук окуу туура болобу?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Суралган кырдаалда эгерде аталган адамдын жумуш орду ал жашаган шаардан, айылдан же конуштан 100 километр узаклыкта болуп, ал жерге күн сайын барууга туура келсе, анда бул абалда ал адам жумуш ордунда намазды кыскартып (каср кылып) окууга милдеттүү болот. Ошондой эле, ал кайра өзүнүн шаарынын же айылынын калктуу конуштарынын чегине киргенге чейин намаздарын кыскартып окуйт.

مأخَذُ الفَتوی

و فی مصنف عبد الرزاق: "٤٣٢٣ - عبد الرزاق عن عبد الله بن عمر، عن نافع، عن ابن عمر، أنه كان يقصر الصلاة حين يخرج من بيوت المدينة، ويقصر إذا رجع حتى يدخل بيوتها."
(كتاب الصلاة، باب: المسافر متى يقصر إذا خرج مسافرا؟، ٢ / ٥٣٠، ط: المجلس العلمي- الهند)-
و فی البحر الرائق شرح كنز الدقائق: "(قوله من جاوز بيوت مصره مريدا سيرا وسطا ثلاثة أيام في بر أو بحر أو جبل قصر الفرض الرباعي) بيان للموضع الذي يبتدأ فيه القصر ولشرط القصر ومدته وحكمه أما الأول فهو مجاوزة بيوت المصر لما صح عنه - عليه السلام - «أنه قصر العصر بذي الحليفة» وعن علي أنه خرج من البصرة فصلى الظهر أربعا ثم قال: إنا لو جاوزنا هذا الخص لصلينا ركعتين والخص بالخاء المعجمة والصاد المهملة بيت من قصب كذا ضبطه في السراج الوهاج ويدخل في بيوت المصر ربضه، وهو ما حول المدينة من بيوت ومساكن ويقال لحرم المسجد ربض أيضا."
(كتاب الصلاة، باب صلاة المسافر، ٢ / ١٣٨ - ١٣٩، ط: دار الكتاب الإسلامي)-

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 500 Verify Now
| | |
0    182
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
  • Шарият боюнча сапардын өлчөмү

    Кыргызча   0 Qsr Prayer
  • Сапарда канча километрден кийин намазды кыскартып окуу керек?

    Кыргызча   0 Qsr Prayer
  • Күн сайын жүз километр аралыкты басып өткөн учурдагы намаздын өкүмү

    Кыргызча   0 Qsr Prayer
  • Эки жерде туруктуу жашаган адам үчүн каср намаздын өкүмдөрү

    Кыргызча   0 Qsr Prayer
  • Сапарда сүннөт намаздарды окуунун өкүмү кандай?

    Кыргызча   1 Qsr Prayer
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة