Ыр-күү жана музыкалык аспаптар коюлуп, видео тартылган тойлорго катышууга уруксат барбы? Ошондой эле үйлөнүү үлпөтүнө чейин үйлөнүү салты деген ат менен атайын иш-чара өткөрүлөт. Ушундай салтанаттарга чакырылса, катышуу туурабы? Ошондой эле жасалгалоо жана кооздук үчүн ысырапкорчулукка, ашыкча чыгымдарга жол берилген тойлорго чакырылса, ал чакырууну кабыл алууга болобу? Мындан тышкары, түштүктө бала төрөлгөндөн кийин кырк күн өткөн соң «чилде» деп аталган салтанат өткөрүлөт. Ушундай иш-чарага катышууга уруксат барбы?
Жалпы шарттарда мусулмандын чакыруусун кабыл алуу керек. Сүннөт менен тастыкталган айрым чакырууларды үзүрсүз четке кагуу факих аалымдар тарабынан күнөөгө чейин жеткирилген.
Ал эми чакырууларда кандайдыр бир шариятка туура келбеген жагдайлар кездешсе, мындай кемчиликтер үч түрдүү болот. Алардын ар бирине жараша өкүмдөр да айырмаланат.
Биринчи түрү: Мал-мүлк жагынан болгон күмөн.
Башкача айтканда, чакырып жаткан адамдын тапкан кирешеси арам болушу мүмкүн деген шек бар.
Бул маселеде факих аалымдар мындай дешет: эгер адамдын кирешесинин басымдуу бөлүгү арам жол менен табылган болсо, анын чакыруусун кабыл алуу жаиз эмес. Бирок ал тойго атайын адал булактан акча алганын ачык билдирсе, анда башка өкүм болот.
Экинчи түрү: Ишеним жагынан болгон кемчилик.
Башкача айтканда, чакыруунун шариятта эч кандай негизи жок болуп, ал жөн гана кадимки салтанат болсо, бирок аны шариятта белгиленген же исламий салт деп эсептеп өткөрүшсө жана ага катышпагандарды диний жактан туура эмес иш кылган адамдар катары көрүшсө, анда бул бидъат болуп эсептелет. Мындай иш-чараларды колдобоо жана алардын жайылышына жол бербөө керек.
«Фатава Аламгирия» китебинде мындай деп айтылган:«Эгер адамды кандайдыр бир чакырууга чакырышса жана ал жерде күнөө же бидъат болбосо, анда чакырууну кабыл алуу зарыл. Бирок биздин заманда ал жерде бидъат же күнөө жок экендиги так аныкталмайынча, чакырууга катышпай коюу коопсузураак». (Фатава Аламгирия).
«Эгер адам кандайдыр бир чакырууга чакырылса жана ал жерде күнөө же бидъат болбосо, анда чакырууну кабыл алуу важиб болуп саналат. Бирок биздин заманда ал жерде бидъат же күнөө жок экендиги так аныкталмайынча, чакырууга катышпай коюу коопсузураак». «Фатхул-Кадир», 8-том, 448-бет, хашиясы,«Фатава аль-Хиндия», 4-том, 115-бет.
Эгер үйлөнүү алдындагы салттар жана чилде сыяктуу чакыруулар да ушундай эле диний түшүнүк менен өткөрүлсө, анда алардын өкүмү да жогорудагыдай болот. Мындай иш-чаралардан алыс болуу жакшыраак.
Үчүнчү түрү: Чакыруудагы аракеттерден улам пайда болгон кемчилик.
Мисалы, видео тартуу, ырдоо, музыкалык аспаптарды ойнотуу жана башка ушул сыяктуу иштер. Мындай чакырууларга катышуунун өкүмү төмөнкүдөй:
- Кадимки адамдар, башкача айтканда, алардын катышуусун башкалар бул иштердин уруксат экенине далил катары колдонбой турган адамдар катышса болот. Эгер алар мындай иштерди токтото алышса, токтотууга аракет кылышсын. Эгер мүмкүн болбосо, сабыр кылышсын. Бирок алар үчүн да мындай чакыруулардан алыс болуу жакшыраак.
- Ал эми катышуусу башкаларга мындай иштердин уруксат экенине далил болуп калышы мүмкүн болгон, коомдо жетекчи жана үлгү катары саналган адамдар (аалым, каары, имам, устаз) үчүн мындай чакырууларга катышуу эч кандай учурда уруксат эмес. Алар ал жерден чыгып кетиши керек.
Мунун баары чакырууда ушундай жагдайлар болорун алдын ала билбеген учурга тиешелүү. Эгер адам мындай жагдайлар бар экенин алдын ала билсе, анда эки тарап үчүн тең мындай чакырууну кабыл алуу ылайыктуу эмес.
Ысырапкорчулук жана ашыкча чыгымдар болгон чакыруулар
Ысырапкорчулук жана ашыкча чыгымдар болгон чакырууну кабыл алууга уруксат берилет. Бирок мусулман бир тууган катары мындай адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларды ысырапкорчулуктан тыйууга аракет кылуу керек. Ошондой эле мусулман адамга каапырлардын чакыруусун кабыл алууга болот. Бирок ал жерде арам тамак болушу мүмкүн деген күчтүү шек болбошу керек. Мисалы, халифа Умар Фарук (разияллаху анху) өзүнүн халифалык доорунда Ислам мамлекетинде жашаган зиммийлерге жизя салыгынын шарттарынын бири катары, мусулмандардын кербени алардын аймагы аркылуу өткөндө үч күн конок кылууну милдеттендирген. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын ﷺ бир яхудий аялдын чакыруусун кабыл алганы белгилүү жана риваяттарда келген. Бирок алардын диний майрамдарына жана диний иш-чараларына байланыштуу чакырууларды кабыл алуу туура эмес.