Көпчүлүк учурда фильмдерде же сериалдарда эркек менен аялдын символдук никеси көрсөтүлөт. Анда никенин бардык шарттары, мисалы, күбөлөрдүн болушу жана ижаб-кабыл (сунуш жана кабыл алуу) да аткарылат. Ошол эле учурда бул эркек менен аял чыныгы жашоодо бири-бирине үйлөнө элек болушат. Мындай учурда алардын мындай никесинин шарияттагы өкүмү кандай?
Фильмдерде жана сериалдарда көрсөтүлгөн эркек менен аялдын символдук, жасалма никеси жөн гана көркөм көрсөтүү (сахналык көрүнүш) катары аткарылат. Башкача айтканда, фильм же сериал үчүн жазылган сценарийдеги сөздөрдү эркек менен аял жөн гана аткарып, ошол жазылган окуяны сахналаштырып көрсөтүп жатышат.
Ал эми бирөөнүн сөзүн жөн гана кайталап айтуунун негизинде нике да түзүлбөйт, талак да түшпөйт. Ошондуктан фильмдерде же сериалдарда көрсөтүлгөн мындай жасалма нике шарият боюнча чыныгы нике болуп эсептелбейт.
حاشية رد المحتار على الدر المختار - (3 / 250):
"ولكن لا بد في وقوعه قضاءً وديانةً من قصد إضافة لفظ الطلاق إليها عالماً بمعناه ولم يصرفه إلى ما يحتمله، كما أفاده في الفتح، وحققه في النهر احترازاً عما لو كرر مسائل الطلاق بحضرتها أو كتب ناقلاً من كتاب امرأتي طالق مع التلفظ أو حكى يمين غيره؛ فإنه لايقع أصلاً ما لم يقصد زوجته وعما لو لقنته لفظ الطلاق فتلفظ به غير عالم بمعناه فلايقع أصلاً على ما أفتى به مشايخ أوزجند صيانة عن التلبيس"