Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатух, устаз! Мен намаз окуй баштаганыма көп боло элек. Азырынча витир намазындагы кунут дубасын жаттай албай жатам. Ушул убакытка чейин анын ордуна кайсы дубаны окуп турсам болот? Аллах ыраазы болсун.
Эгер кимдир бирөө кунут дубасын билбесе, анда анын ордуна төмөнкү дубаны окуса болот:
رَبَّنَا آتِنَا فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً وَفِي الْآخِرَةِ حَسَنَةً وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ «Раббанаа атинаа фид дуня хасанатан ва фил ахирати хасанатан ва кынаа азабан нар».
Эгер бул дубаны да билбесе, анда үч жолу:
اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَنَا «Аллахуммаг фир ланаа» деп окуса болот.
Ошол эле учурда кунут дубасын мүмкүн болушунча тезирээк жаттап алууга аракет кылышы керек. Кунут дубасын жаттап алгандан кийин, витир намазында аны дайыма окуп жүрүүсү зарыл.
الفتاوى الهندية (3 / 450)
'' والأولى أن يقرأ " اللّٰهم إنا نستعينك " ويقرأ بعده " اللّٰهم اهدنا فيمن هديت "، ومن لم يحسن القنوت يقول: ربنا آتنا في الدنيا حسنة وفي الآخرة حسنة وقنا عذاب النار ،كذا في المحيط أو يقول : اللّٰهم اغفر لنا، ويكرر ذلك ثلاثاً، وهو اختيار أبي الليث ،كذا في السراجية''۔