Биздин аймакта кээ бир адамдар бутун жуугандын ордуна бут кийимине масх тартышат жана бул тууралуу бир хадисти айтышат. Ошол хадис кайсы? Анын туура түшүндүрмөсү кандай? Бут кийимге масх тартуу боюнча хадиске таянып жооп берип коюуңуздарды өтүнөбүз.
Так түшүнүп алуу керек: төрт мазхабтын имамдарынын (Абу Ханифа, Малик, Шафи, Ахмад) бири да бут кийимге масх тартууга уруксат берген эмес.
Пайгамбар ﷺ'дын бут кийимге масх тартканы тууралуу келген риваят тууралуу да так түшүнүү керек: Пайгамбар ﷺ намаз окууга ниет кылып, мурунтан таахаратта болгон учурда, дагы бир жолу жаңы таахарат алып, бутун жуугандын ордуна мубарак бут кийимине масх тарткан. Риваятта дал ушундай абал айтылат.
Бирок эгер Пайгамбар ﷺ мурдатан таахаратта болбогон болсо, анда жаңы таахарат алганда буттарын толук жууган.
Демек, бул риваят өзгөчө шарттагы амалды билдирет жана жалпы адамдарга бут кийимге масх тартууга уруксат берүүчү далил болбойт.
ففی معارف السنن: لم یذهب أحد من الأئمة إلی جواز المسح علی النعلین اھ (۱/ ۳۴۷)
وفی مسند أحمد: عن على: أنه دعا بكوز من ماء، ثم قال: أين هؤلاء الذين يزعمون أنهم يكرهون الشراب قائماً؟ قال: فأخذه فشرب وهو قائم، ثم توضأ وضوءاً خفيفاً ومسح على نعليه، ثم قال: هكذا وضوء رسول الله - صلى الله عليه وسلم - للطاهر ما لم ُيحُدْث اھ(2/ 27)
وفی صحيح ابن خزيمة: عن علي أنه دعا بكوز من ماء، ثم توضأ وضوءا خفيفا، ثم مسح على نعليه "، ثم قال: «هكذا وضوء رسول الله - صلى الله عليه وسلم - للطاهر ما لم يحدث» اھ(1/ 100)