Мен умранын тавабын аткарып жатканда тавапты Хажарул Асваддан баштаган эмесмин. Тавапты толук бүтүрүп, умранын калган амалдарын да аткарып койдум. Кийинчерээк бирөө тавап Хажарул Асваддан башталышы керектигин айтты. Эми менин суроом: жогоруда айтылгандай аткарылган умрам туура болуп эсептелеби? Жана бул кетирген катамдын шарияттагы өкүмү кандай?
Тавафты Хажарул Асваддан баштоо — тавафтын важиб амалдарынын бири.
Ошондуктан, ким тавафты Хажарул Асваддан баштабаса, эгер ал дагы эле Мекке шаарында жүргөн болсо, тавафты кайрадан аткаруусу важиб болот.
Ал эми мекенине кайтып кеткен болсо, ага дам (Харам аймагында бир эчки же кочкор союу) важиб болот.
قال العلامۃ الحصکفی رحمہ اللہ تعالی:" (وأخذ) الطائف (عن يمينه مما يلي الباب) ...ولو عكس أعاد مادام بمكة .فلو رجع فعليه دم .وكذا لو ابتدأ من غير الحجر كما مر." وقال العلامۃ ابن عابدین رحمہ اللہ تعالی:" قوله :(وكذا لو ابتدأ من غير الحجر) أي يعيده ،وإلا فعليه دم. وهذا على القول بوجوبه ،كما أشار إليه بقوله كما مر، أي في الواجبات." (الدر المختار مع رد المحتار:2/495،دار الفکر،بیروت)
وفی غنیۃ الناسک:ولو ابتدأ من غیر الحجر أعادہ مادام بمکۃ،فلو رجع فعلیہ دم." (ص:112،إدارۃ القرآن والعلوم الإسلامیۃ)
وفی إرشاد الساری:ویختص أی جواز ذبحہ بالمکان ھو الحرم،فلا یجوز ذبحہ فی غیرہ أصلاَ" (ص:369،الإمدادیۃ،مکّۃ المکرمّۃ)