Ихрам абалында сагыз чайноого уруксатпы?
Эгер сагыз жасоодо анын курамындагы заттар отко бышырылып даярдалган болсо, анда ихрам абалында аны колдонууга уруксат берилет, атүгүл анын табигый жыты бар болсо да. Ал эми эгер сагыздын курамындагы заттар отко бышырылбай даярдалган болуп, жыты бар болсо, анда ихрам абалында аны чайноо макрух танзихи болуп эсептелет. Бирок бул учурда да дам да, садака да важиб болбойт.
فلو جلعه في طعام و طبخه فلا بأس بأكله لانه خرج من الحكم الطيب و صار طعاما و كذلك كل ما غيرته النار من الطيب فلا بأس باكله و لو كان ريح الطيب وجد منه و ان لم تغيره النار يكره اكله اذا كا يوجد منه راحة الطيب و ان اكل فلا شيئ عليه كذا في شرح الطحاوي.ы