Заара баштыгы тагылган болсо, анын менен намазды кандайча окууга болот?
Заара баштыгын алып, ар бир намаз үчүн өзүнчө даарат алып намаз окуу мүмкүн болбосо, анда баштыкчанын өзү менен эле намаз окуу туура болот. Бирок мындай киши «шарияттагы үзүрү бар адам» өкүмүнө киргендиктен, ар бир намаз үчүн өзүнчө жаңы даарат алат. Ал даарат менен ошол убакыттын ичинде фарз да, нафил да бардык намаздарды окуусу жаиз жана туура болот. Бирок бир намаздын убактысы чыгып кетсе, кийинки убакыт үчүн ага кайра жаңы даарат алуу фарз болуп эсептелет.
فی الدر المختار : (و صاحب عذر من به سلس) بول لا يمكنه إمساكه (إلی قوله) (إن استوعب عذره تمام وقت صلاة مفروضة) بأن لا يجد في جميع وقتها زمنا يتوضأ و يصلي فيه خاليا عن الحدث (و لو حكما) (إلی قوله) (و حكمه الوضوء) لا غسل ثوبه و نحوه (لكل فرض) اللام للوقت اھ (1/ 305)۔
و فی الفتاوى الهندية : مريض تحته ثياب نجسة إن كان بحال لا يبسط شيء إلا و يتنجس من ساعته يصلي على حاله اھ (1/ 137)۔