Мусулман эркектин согуш абалындагы өлкөнүн жараны болгон, чыныгы китеп ээлеринен (яхудий же христиан) болгон аялга үйлөнүүсү кандай өкүмгө ээ?
Бизге белгилүү болгондой, мындай нике жарактуу болот. Бирок ошого карабастан, шарият мындай никеге уруксат бергенби же ал макрухпу? Эгер макрух болсо, макрух танзихиби же макрух тахримиби? Ошондой эле бул маселеде китеп ээлеринен болгон харбия менен зиммия аялдардын өкүмү бирдейби же айырмаланабы?
Белгилей кетүүчү нерсе, азыркы заманда өтө зарылчылык болбосо, китеп ээлеринен болгон аялдарга үйлөнүү макрух жана көптөгөн терс кесепеттердин булагы болуп саналат.
Азыркы фитналар күчөгөн заманда адамдардын жаман таасирлерге кабылуусу күн санап көбөйүүдө. Көп учурда эркектин аялына таасир этүүсүнүн ордуна, айлакер аялдар эркектерди өздөрүнө баш ийдирип алышат. Ошондой эле китеп ээлеринен болгон энелердин туура эмес ишенимдери жана терс таасирлери балдарга да чоң зыян тийгизет.
Ушул себептен улам, халифа Умар Фарук (разияллаху анху) өзүнүн халифалык доорунда мусулмандарды китеп ээлеринен болгон аялдарга үйлөнүүдөн тыйган. Ошондой эле, эгер кыз китеп ээлеринен болгон харбия (мусулмандар менен согуш абалындагы өлкөнүн жараны) болсо, аны менен никеге туруу макрух тахрими болуп саналат. Ал эми китеп ээлеринен болгон зиммия (мусулмандардын бийлиги астында коргоо келишими менен жашаган адам) болсо, аны менен никеге туруу макрух танзихи болуп саналат. Китеп ээлеринен, башкача айтканда, яхудий же христиан аялга мусулман эркектин үйлөнүүсү эки шарт менен мүмкүн:
1. Ал жөн гана аты христиан же яхудий болуп, чындыгында динсиз, атеист болбошу керек. Тескерисинче, өз дининин негизги принциптерин жок дегенде кабыл алышы зарыл. Амалда ошол динге каршы иштерди жасаса да болот. Башкача айтканда, өз пайгамбарына жана ага түшүрүлгөн китепке ишениши керек. Тавхидди туура түшүнбөсө да, бул шартка тоскоол болбойт.
2. Ал түпкүлүгүндө яхудий же христиан болушу керек. Башкача айтканда, мурда мусулман болуп, кийин исламдан чыгып, яхудийликти же христиандыкты кабыл алган муртад аял болбошу керек.
عن نافع عن ابن عمر أنه کان یکره نکاح نساء أهل الکتاب ولایری بطعامهن بأسًا". (المصنف لابن أبي شیبة ۳؍۴۶۳ رقم: ۱۶۱۵۹ دار الکتب العلمیة بیروت)-
عن ابن عمر أنه کره نکاح نساء أهل الکتاب وقرأ: {وَلَاتَنْکِحُوْا الْمُشْرِکٰتِ حَتّٰی یُؤْمِنَّ} [البقرة: ۲۲۱]". (المصنف لابن أبي شیبة ۳؍۴۶۳ رقم: ۱۶۱۶۰ بیروت)-
کما فی الدرالمختار: "(وصح نكاح كتابية)، وإن كره تنزيهاً (مؤمنة بنبي) مرسل (مقرة بكتاب) منزل، وإن اعتقدوا المسيح إلهاً". (ج:۳،ص:۴۵،ط :سعید)
و فی رد المحتار: "(قوله: مقرة بكتاب) في النهر عن الزيلعي: واعلم أن من اعتقد ديناً سماوياً وله كتاب منزل كصحف إبراهيم وشيث وزبور داود فهو من أهل الكتاب؛ فتجوز مناكحتهم وأكل ذبائحهم. (قوله: على المذهب) أي خلافاً لما في المستصفى من تقييد الحل بأن لايعتقدوا ذلك، ويوافقه ما في مبسوط شيخ الإسلام: يجب أن لايأكلوا ذبائح أهل الكتاب إذا اعتقدوا أن المسيح إله، وأن عزيراً إله، ولايتزوجوا نساءهم، قيل: وعليه الفتوى، ولكن بالنظر إلى الدليل ينبغي أنه يجوز الأكل والتزوج. اهـ.
قال في البحر: وحاصله أن المذهب الإطلاق لما ذكره شمس الأئمة في المبسوط من أن ذبيحة النصراني حلال مطلقاً سواء قال بثالث ثلاثة أو لا؛ لإطلاق الكتاب هنا، والدليل ورجحه في فتح القدير بأن القائل بذلك طائفتان من اليهود والنصارى انقرضوا لا كلهم مع أن مطلق لفظ الشرك إذا ذكر في لسان الشرع لاينصرف إلى أهل الكتاب، وإن صح لغةً في طائفة أو طوائف؛ لما عهد من إرادته به من عبد مع الله تعالى غيره ممن لايدعي اتباع نبي وكتاب إلى آخر ما ذكره. اهـ". (ج:۳،ص:۴۵،ط:سعید)- فقط واللہ اعلم