Бир адам тоолуу жерде бир айдан кийин өлүк абалда табылган. Анын денеси бузулуп, жагымсыз жыттанып кеткендиктен, жергиликтүү тургундар аны жаназа намазын окубастан көмүшкөн.
Суроо: Адамды жаназа намазын окубастан көмүүгө болобу? Эгер көмүп коюшкан болсо, эми эмне кылуу керек?
Эгерде суроодо айтылган маркумдун денеси чындап эле шишип, жарылып, бузулуп кеткен болсо, мындай учурда ага жаназа намазын окуу зарыл эмес. Тескерисинче, ал үчүн дуба кылып, Аллахтан кечирим суроону улантуу керек.
فی حاشیة الطحطاوی: حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح قوله ( ما لم يتفسخ ) أي تفرق أعضاؤه فإن تفسخ لا يصلى عليه مطلقا لأنها شرعت على البدن ولا وجود له مع التفسخ وأما صلاته صلى الله عليه وسلم على شهداء أحد بعد ثمان سنين على ما رواه البخاري عن عقبة بن عامر فمحمول على الدعاء أو لأنهم لم يتفسخوا فإن معاوية لما أراد تحويلهم ليجري العين التي بأحد عند قبور الشهداء وجدهم كما دفنوا حتى أن المسحاة أصابت إصبع حمزة رضي الله عنه فانفطرت دما فتركهم أو هو خصوصية له صلى الله عليه وسلم وتمامه في شرح المشكاة اھ (ص: 391)۔