Эгерде имам витир намазында кунут дубасын унутуп, рукуга барып, кайра дароо түз туруп, колдорун кулагына чейин көтөрүп, андан соң кайра руку кылса, бирок биринчи жолу рукуга барганда жамааттан эч ким рукуга барбаса жана имам намаздын аягында сажда сахв кылбаса, анда намаздын өкүмү кандай болот? Намаз туура болдубу же жокпу?
Суроодо айтылган жагдайда имам кунут дубасын унутуп, рукуга бара баштагандан кийин эстеп, дароо кайра тик турганы туура эмес болгон. Тескерисинче, рукуну толук аткарып, акыркы отурууда сажда сахв кылса, намазы толук болмок.
Бирок имам рукуга баргандан кийин кайра туруп, кунут дубасын окуса, бул анын намазын бузбайт. Ошентсе да, парз болгон амалга киришип, аны толук аткарбай койгону себептүү сажда сахв важиб болот.
Эгер сажда сахв кылбаса, анда намазды кайра окуу важиб болот. Ошондуктан ошол күндүн багымдат намазынын убактысы киргенге чейин витир намазын кайра окуу важиб эле. Ал эми убактысы чыгып кеткенден кийин кайра окуу важиб болбойт.
کما فی بدائع الصنائع: "وأما بيان سبب الوجوب فسبب وجوبه ترك الواجب الأصلي في الصلاة، أو تغييره أو تغيير فرض منها عن محله الأصلي ساهيا؛ لأن كل ذلك يوجب نقصانا في الصلاة فيجب جبره بالسجود."(کتاب الصلاۃ، فصل بيان سبب وجوب سجود السهو، ج:1، ص:164، ط دارالکتب العلمیہ)
و فی الفتاوى الهندية: "الإمام إذا تذكر في الركوع في الوتر أنه لم يقنت لا ينبغي أن يعود إلى القيام ومع هذا إن عاد وقنت لا ينبغي أن يعيد الركوع ومع هذا إن أعاد الركوع والقوم ما تابعوه في الركوع الأول وإنما تابعوه في الركوع الثاني أو على القلب لا تفسد صلاتهم. كذا في الخلاصة." (کتاب الصلاۃ، الباب الثامن فی صلاۃ الوتر، ج:1، ص:111، ط دارالفکر بیروت)-
و فی رد المحتار: "(ولها واجبات) لا تفسد بتركها وتعاد وجوبا في العمد والسهو إن لم يسجد له، وإن لم يعدها يكون فاسقا آثما وكذا كل صلاة أديت مع كراهة التحريم تجب إعادتها." (کتاب الصلاۃ، واجبات الصلاۃ، ج:1، ص456، ط سعید)-
Купуя намазда үн чыгарып, жахрий намазда акырын окуунун өкүмү
Кыргызча 0 Prostration of ForgetfulnessВитир намазында кунут дубасын унутуп калса, эмне кылуу керек?
Кыргызча 0 Prostration of ForgetfulnessВитир намазында адашып эки рекеттен кийин салам берип койсо, өкүмү ка
Кыргызча 0 Prostration of Forgetfulness