Ассаламу алайкум! Биздин колубузда умра зыяратчыларынын паспорттору болот. Алардын ичинде уюлдук байланыштын SIM-карталары да бар. Бул SIM-карталар зыяратчыларга аэропорттон акысыз берилет. Бирок алардын колдонулбай калуу ыктымалдыгы жогору. Көпчүлүк SIM-карталар зыяратчылар кайтып келгенден кийин жараксыз болуп, текке кетет. Ушундай учурда аларды алып, муктаж болгон ажыларга таратып берүү шариятта жаиз болобу?
Ошондой эле, умра учурунда мойнуна дам (кой соуйуу) важиб болгон зыяратчылар анын баасын жергиликтүү окуучуларга беришет. Алар ошол акчага эчки сатып алып, союп, этин бул жердеги ар кандай адамдарга таратышат. Алардын көпчүлүгү орточо кирешелүү, айлык акы менен жашаган адамдар. Ушундай адамдарга дам үчүн союлган малдын этинен жеш уруксат болобу?
Белгилүү болгондой, жогоруда айтылган SIM-карталар сыртынан караганда умра зыяратчыларына менчик катары берилет. Ошондуктан, ээлеринин уруксатысыз аларды муктаж болгон ажыларга таратып берүү уруксат эмес. Бирок кандайдыр бир жол менен ээлеринен уруксат алынса, аларды таратып берүү шексиз туура болот.
Эгер ээлеринен уруксат алуу мүмкүн болбосо жана SIM-картанын ичиндеги каражаттын мөөнөтү өтүп, жок болуп кетүү коркунучу болсо, анда аны башка муктаж болгон зыяратчыга берүү уруксат жана туура болот.
Ал эми дам үчүн союлган, башкача айтканда, каффарат катары Харам аймагында союлган малдын этин зекет алууга укуктуу адамдарга таратуу милдеттүү.
کما فی مرقاة المفاتيح تحت : (قوله صلى الله عليه وسلم لا يحل مال امرىء ) اى مسلم او ذمى (الا) بطيب نفس اى بامر او رضا (منه) هـ (٥٣٦/٦) .
وفی احكام القرآن للجصاص تحت: قوله تعالى ( يا أيها الذين آمنوا لا تا كلو اموالكم بينكم بالباطل الا أن تكون تجارة عن تراض منكم ( وكذالك الاكل عند غيره اللهم الا ان يكون المراد عند غيره بغير اذنه فهذا العمري قد تناولته الآيةهـ(۱۷۲/۲)
و فی غنية الناسك: واما ماعدا هذه الثلاثة كدماء الكفارات كلها والنذور وهدى الاحصار و هدى التطوع اذا لم يبلغ الحرم فلا يجوز له الاكل منه ولو فقيرا ولا لمن بينهما ولاد او زوجية ولا لغنى بل لكل من لا يحل له الزكوة هـ (٣٥٦) –