Истихаранын туура убактысы жана тартиби кандай?
Качан адамдын алдында маанилүү бир иш же чечим турса, ошол иште Аллах Тааладан жакшылыкты суроо үчүн Пайгамбарыбыз ﷺ бизге истихара намазын үйрөткөн.
Анын сүннөттөгү тартиби мындай: Күндүз же түнкүсүн, напил намаз окууга тыюу салынган (макрүх) убакыттардан башка каалаган убакта, истихара ниети менен эки рекет напил намаз окулат.
Ният мындай болот: «Менин алдымда ушул иш же маселе турат. Эгер бул иш мен үчүн жакшы болсо, Аллах Таала аны мага насип кылып, эң жакшы чечимди буйруп берсин» деген ниет менен намаз окулат.
Намазды бүтүрүп, салам бергенден кийин, Пайгамбарыбыз ﷺ үйрөткөн истихаранын сүннөт дубасы окулат.
Истихаранын сүннөт дубасы:
" اَللّٰهُمَّ إِنِّيْ أَسْتَخِیْرُكَ بِعِلْمِكَ، وَ أَسْتَقْدِرُكَ بِقُدْرَتِكَ، وَ أَسْأَلُكَ مِنْ فَضْلِكَ الْعَظِیْمِ ، فَاِنَّكَ تَقْدِرُ وَ لاَأَقْدِرُ، وَ تَعْلَمُ وَلاَأَعْلَمُ، وَ أَنْتَ عَلاَّمُ الْغُیُوْبِ اَللّٰهُمَّ إِنْ کُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هٰذَا الْأَمْرَ خَیْرٌ لِّيْ فِيْ دِیْنِيْ وَ مَعَاشِيْ وَ عَاقِبَةِ أَمْرِيْ وَ عَاجِلِه وَ اٰجِلِه، فَاقْدِرْهُ لِيْ، وَ یَسِّرْهُ لِيْ، ثُمَّ بَارِکْ لِيْ فِیْهِ وَ إِنْ کُنْتَ تَعْلَمُ أَنَّ هٰذَا الْأَمْرَ شَرٌ لِّيْ فِيْ دِیْنِيْ وَمَعَاشِيْ وَ عَاقِبَةِ أَمْرِيْ وَ عَاجِلِه وَ اٰجِلِه، فَاصْرِفْهُ عَنِّيْ وَاصْرِفْنِيْ عَنْهُ ، وَاقْدِرْ لِيْ الْخَیْرَ حَیْثُ کَانَ ثُمَّ اَرْضِنِيْ بِه".
Окулушу:
Аллооҳумма иннии астахийрука би'илмика, ва астакдирука би кудратика, ва ас'алука мин фадликал 'азийм. Фа иннака такдиру ва лаа акдиру, ва та'ламу ва лаа а'ламу, ва анта 'аллааамул гуйууб. Аллооҳумма ин кунта та'ламу анна хаазал амра хайрун лий фий дийний ва ма'ааший ва 'аакибати амрий ва 'ааажилихи ва аажилихи, факдурху лий, ва йассирху лий, сумма баарик лий фийхи. Ва ин кунта та'ламу анна хаазал амра шаррун лий фий дийний ва ма'ааший ва 'аакибати амрий ва 'ааажилихи ва аажилихи, фасрифху 'анний, васрифний 'анху, вакдур лийа-л-хайра хайсу каана, сумма ардиний бихи.
Дубаны окуп жатканда «хаазал-амр» (هٰذا الأمر) деген жерге келгенде, эгер араб тилин билсе, ошол жерде өзүнүн муктаж болгон ишинин атын айтат. Мисалы:
«хаазасафар» (бул сапар), «хаазан никах» (бул нике), «хаазихит-тижара» (бул соода),«хаазал бай'» (бул соода-сатык) деп, «хаазал амр» деген сөздүн ордуна өзүнүн ишин атайт.
Ал эми араб тилин билбесе, «хаазал амр» деп айтып, жүрөгүндө истихара кылып жаткан ишин ойлосо жетиштүү.
Истихарадан кийин жүрөгү кайсы тарапка көбүрөөк ооп, көңүлү ошол ишке тынчтанса, ошол ишти аткарсын. Эгер биринчи жолу истихара кылганда жүрөгү толук тынчтанбаса, анда ушул амалды жети күнгө чейин кайталап турсун. Инша Аллах, жакшылык болот.
Истихара үчүн белгилүү бир убакыт шарт эмес. Бирок эң жакшысы — түнкүсүн уктаардын алдында, көңүл тынч болуп, алаксыткан нерселер жок кезде истихара кылып, андан кийин уктоо. Истихарадан кийин сөзсүз түш көрүү талап кылынбайт. Негизги нерсе — жүрөктүн кайсы тарапка көбүрөөк оошу жана ички тынчтык (көңүлдүн ынануусу). واللہ اعلم