Мен бир компанияда иштейм. Жумушума байланыштуу күн сайын мусулман эмес адамдар (орустар) менен бетме-бет же телефон аркылуу байланышып турам. Кээде телефон аркылуу сүйлөшүп жатып байкабай оозуман «Ассаламу алайкум» деген салам чыгып кетет, алар да ага жооп беришет. Мындай учурда шарияттын өкүмү кандай?
Мусулман эместерге Ислам элинин жана бейиш элинин саламы болгон «Ассаламу алайкум» деген сөздөр менен биринчи болуп салам берүү уруксат эмес. Анткени бул сөздөр аркылуу белгилүү бир адамга тынчтык жана аманчылык тиленет.
Ал эми эгер мусулман эмес адам биринчи болуп салам берсе, анда анын саламына жооп кайтарууга болот. Бирок жооп катары «Ва алайкум ассалам» деп толук айтпастан, «Ва алейк»(сага да) деп гана жооп берүү жетиштүү.
Эгер кандайдыр бир зарылчылыктан улам мусулман эмес адамга биринчи болуп салам айтууга туура келсе, анда буга байланыштуу Пайгамбарыбыздын ﷺ сүннөтүндө жол көрсөтүлгөн. Ал ﷺ мусулман эмес падышаларга жиберген каттарын:
«اَلسَّلَامُ عَلَى مَنِ اتَّبَعَ الْهُدَى» «Туура жолду ээрчиген адамга тынчтык болсун» деген сөздөр менен баштаган.
Мындан улам белгилүү болгондой, кадимки шартта мусулман эместерге биринчи болуп «Ассаламу алайкум» деп салам берилбейт. Бирок зарылчылык болсо, белгилүү бир адамга түз кайрылбаган жалпы маанидеги ушул сыяктуу сөздөрдү колдонууга уруксат берилет.
Ошондой эле, эгер бир жыйында мусулмандар менен катар мусулман эместер да болсо (мусулман бирөө эле болсо да), анда ошол жыйындагыларга салам берип жатканда ниетин мусулмандарга багыттоо менен салам айтууга болот. Бул өкүм Пайгамбарыбыздан ﷺ келген хадистер менен да бекемделген.
و فی الدر المختار وحاشية ابن عابدين (رد المحتار) (6/ 412):
"فلايسلم ابتداءً على كافر لحديث: «لا تبدءوا اليهود ولا النصارى بالسلام، فإذا لقيتم أحدهم في طريق فاضطروه إلى أضيقه». رواه البخاري ... ولو سلم يهودي أو نصراني أو مجوسي على مسلم فلا بأس بالرد، (و) لكن (لايزيد على قوله: وعليك)، كما في الخانية.
(قوله: فلا بأس بالرد) المتبادر منه أن الأولى عدمه ط لكن في التتارخانية: وإذا سلم أهل الذمة ينبغي أن يرد عليهم الجواب، وبه نأخذ.
(قوله: ولكن لايزيد على قوله: وعليك) لأنه قد يقول: السام عليكم أي الموت كما قال بعض اليهود للنبي صلى الله عليه وسلم، فقال له: "وعليك "، فرد دعاءه عليه. وفي التتارخانية: قال محمد: يقول المسلم: وعليك ينوي بذلك السلام؛ لحديث مرفوع إلى رسول الله صلى الله عليه وسلم أنه قال: «إذا سلموا عليكم فردوا عليهم»".